Нейрохирург Миталип Мамытов мамлекеттер аралык сыйлыкка ээ болду

Нейрохирург Миталип Мамытов мамлекеттер аралык сыйлыкка ээ болду

Кыргызстандык нейрохирург Миталип Мамытов мамлекеттер аралык “Шериктештик жылдыздары” сыйлыгынын лауреаты болду. Бул тууралуу сынактын уюштуруу комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сыйлык жыл сайын КМШ өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнө гуманитардык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү эң көрүнүктүү жетишкендиктери үчүн, дүйнөлүк жетишкендиктердин деңгээлине туура келген жана катышуучу өлкөлөрдүн ар биринин да, Шериктештиктин да өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн ыйгарылат.

Сыйлыктын суммасы 2 миллион рублди түзөт. 2022-жылы жогорку сыйлыкка сегиз өлкөдөн 12 талапкер арыз берген. Калыстар тобунун чечими менен сыйлыктар төмөндөгүлөргө ыйгарылды:

Натик Камал оглы Алиев (Азербайжан) — скульптор, эл сүрөтчүсү;

Эдуард Хачиян (Армения) — геолог;

Сергей Килин (Беларусь) — физик;

Серик Рустамбеков (Казакстан) — архитектор;

Миталип Мамытов (Кыргызстан) — нейрохирург, Мамлекеттик медициналык академиянын кафедра башчысы;

Юрий Темирканов (Россия) — дирижер, Санкт-Петербург академиялык филармониясынын көркөм жетекчиси;

Мирганд Шабозов (Тажикстан) — математик;

Рамиз Усманов (Өзбекстан) – Өзбекстандын Мамлекеттик академиялык Чоң театрынын директору.

Лауреаттарды салтанаттуу сыйлоо аземи 2022-жылдын декабрь айында Ташкентте Чыгармачыл жана илимий интеллигенция форумунун алкагында өткөрүлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>