100 миң сомго чейин айып пул жана бир жылга бөгөт коюу: МСК ЕАЭБден импорттоочуларды катаал чаралар тууралуу эскерттиТокмокто мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелип кармалдыБишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалдыБишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылды
Жети-Өгүздө дайынсыз болуп жаткан жаран табылды
09.06.2022 | 09:39
Жети-Өгүз районунда дайынсыз болгон жаран табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ак-Шыйрак айыл аймагына тиешелүү Эмеген, Кайнар, Үзөңгү-Кууш кыштоосуна Кызыл-Суу айылынын 1972-жылы туулган тургуну Ж.К. 3-июнда мал караганы кеткенден бери кабар жок болуп жаткандыгы маалымдалган.
Мындан улам Жети-Өгуз райондук ӨКБден 2 куткаруучу, Ак-Шыйрак жана Кара-Сай айыл аймагынын башчылары издөөгө чыгышкан. Издөө маалында аталган жарандын унаасы Семен ашуусунда чыга албай калгандыгын жана ал ошол себептен байланышка чыкпай калганын аныкташкан. Куткаруучулар унаасын ашуудан чыгарышып чогуу келишкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом