Казакстанда аммиактан үч киши ууланды

Казакстанда аммиактан үч киши ууланды

Алматыдагы «Шин Лайн» заводунда аммиакка ууланган үч адам оор абалда реанимацияда жатат.  Бул тууралуу Алматынын Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин (ПДО) басма сөз кызматы КазТаг агенттигине билдирди.

Маалыматка караганда, ооруканага жаткырылган үч адам жандандыруу бөлүмүндө, абалы туруктуу.

Окуя өзү 7-июнь күнү болгон.

«Саат 9.00дөр чамасында тез жардам кызматы Алматы шаарындагы шаардык тез жардам ооруканасынын тез жардам бөлүмүнө аммиактан ууланган беш адамды жеткирген. «Шин Лайн» ЖЧКсында (Inkrays food) аммиактан уулануу болгон. Жабыркагандар тез арада мультидисциплинардык бригада тарабынан текшерилген, анын курамына дарыгерлер: реаниматолог, токсиколог жана терапевт кирген. Абалынын оордугуна байланыштуу алардын төртөө ооруканага жаткырылды, бирөө стационардык дарылануудан баш тартты», — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Акыркы бейтаптын абалы туруктуу экени айтылууда.

«Бир бейтап токсикология бөлүмүндө жатат, анын абалы орточо оор деп бааланууда», — деп кошумчалашты шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы.

Тэги: Казакстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>