Данияр Амангелдиев Коопсуздук боюнча 62-Мюнхен конференциясында Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын тааныштырдыКыргыз мунай компаниясынын директору алмаштыШКУ өлкөлөрү фитосанитардык коопсуздук жаатындагы координацияны активдештирүүдөКыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодоБлогерлер Sary Kyz менен Argen Sigma Кыргызстанды таанытышатБишкекте жол кырсыгынан 22 жаштагы жөө жүргүнчү каза болду
Казакстанда 12 жашар баланы ит талап өлтүрдү
10.06.2022 | 23:12
Актөбөдө иттер 12 жаштагы баланы талап өлтүргөн. Бул туурасында КазТАГ жазып чыкты.
Маалыматка караганда, 9-июнь күнү Эсет-Батыр конушунун №3 кичирайонунун аймагында курулуп жаткан объектилердин биринин айланасынан12 жаштагы баланын сөөгү табылган. Уюган кан, башынын, денесинин, колу- бутунун көп жолу таланганынан улам каза болгондугу аныкталып, кылмыш иши козголгон.
Бир катар соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
«Сотко чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат», – деп кошумчалашты милициядан.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар