Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды
16.06.2022 | 11:07
Саламаттыкты сактоо министри кызматынан убактылуу бошотулган Алымкадыр Бейшеналиев үй камагына чыгарылды.
Жактоочу Рустам Исаевдин айтымында, бүгүн, 16-июнда Бишкек шаардык соту Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды карап, аны камактан бошотту. Анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.
Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев 2-июнда Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан кармалган. Ага карата жети кылмыш иши козголгон. 2-июндан бери ал УКМКнын СИЗОсунда болчу.
Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиев боюнча билдирүү таратты
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар