“Өзүн хан сезип алды”: Депутат Теңгиз Бөлтүрүккө көз айнек берип жиберди

“Өзүн хан сезип алды”: Депутат Теңгиз Бөлтүрүккө көз айнек берип жиберди

Теңгиз Бөлтүрүк өзүн хан сезип алды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат  Жеңишбек Токторбаев билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөр Голд Компани»  компаниясы Бишкектин борборунан кымбат кеңсе ижарага алып, ага көп каражат төлөп жатат.

“Мыйзам алдында баары бирдей. Эсиңизге келгиле, Теңгиз мырза. Элдин акчасын оңго-солго коротууга ким укук берди? Жакында түрмөгө отурасыз. Сиз «Кумтөр» холдингин кыйратып, качып кетесиз.

Кечээ мен бул боюнча билдирүү жасагандан кийин “Кумтөр” ишканасы жооп кайтарды. Мен аларды Бишкектин борборунан ижарага 1600 чарчы метр алган деп айтсам, алар 5000 чарчы метр алдык деп жооп берип жатышат. Борбордо кеңсенин бир чарчы метринин баасы 20 долларды түзөт. Айына 100 миң доллар ижара акы төлөйт. Коммуналдык кызматтар үчүн 5000 доллар берет. Айына жалпы 120 миң доллар ижара акы төлөп жатат. Мен муну туура эмес деп эсептейм. Бул маселени Башкы прокуратура көзөмөлгө алышы керек”, — деди депутат.

Ошондой эле, ал мындан жарым ай мурун “Кумтөр” ишканасына көчмө жыйынга барганда атайын көз айнек алганын айтып, “Ушул көз айнекти Алмаз Ахумжанович, сизге берейин, сиз Теңгиз Бөлтүрүккө берип коюңуз. Бул көз айнек үчүн дагы акча чыгарып албасын”, — деп, президенттин Жогорку Кеңештеги  өкүлү Алмазбек Абытовго тапшырды.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>