Салык төлөбөгөндөр чет өлкөлөргө чыга алышпайт

Салык төлөбөгөндөр чет өлкөлөргө чыга алышпайт

Миңден ашык карызы бар салык төлөөчүлөргө чектөө чаралары көрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Алсак, 1-июнга карата сот аткаруучулардын кызматы тарабынан салык органдарынын арызынын негизинде жалпы суммасы 7 млрд 683,9 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар 1011 салык төлөөчүгө карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү.

«Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын арасында республиканын чегинен тышкары чыгууга байланыштуу чектөөлөр жана башка бир катар тыюу салуулар бар», — деп белгилейт Салык кызматы.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен 251 салык төлөөчү жалпы суммасы 42,3 млн сомдук карызын төлөгөн.

Мамлекеттик салык кызматы жагымсыз юридикалык кесепеттерге жол бербөө үчүн салык төлөөчүлөрдү салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча болгон карыздарын өз убагында төлөөгө чакырат.

100 000 сомдон ашык салык карызы бар салык төлөөчүлөр төмөнкүлөргө тыюу салынышы мүмкүн:

  • өлкөнүн чегинен тышкары саякаттоо;
  • кыймылдуу же кыймылсыз мүлктү каттоо боюнча ар кандай аракеттерди жасоо;
  • банк операцияларын жүргүзүү;
  • карызкордун фамилиясын, атын, атасынын атын жана башка паспорттук маалыматтарын өзгөртүү;
  • лотереядан утуштарды, акчалай жана/же белек катары алынган башка мүлктөрдү берүү, материалдык жардам же мурастоо жана башка чаралар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>