Бүгүн, 16-ноябрда, күн ачык болотКудайберген Базарбаев кызматтан алынып, Казакстанга элчи болуп жиберилдиАчыктык жана өнүгүү: Bozymchak Кыргызстандагы тоо-кентармагында ишенимди кантип бекемдөөдө?Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы эки өлкөнүн командасы менен беттешетБүгүн Бишкекте жаңы №66 электробус маршруту ачылды — кыймылынын схемасы15-ноябрга карата аба ырайы
Нарында 310 кызматкер декларацияны толтурбаганы үчүн жоопкерчиликке тартылды
21.06.2022 | 15:12
Нарын облусунда кирешеси тууралуу декларацияны тапшырбаган 310 кызматкер жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Кызмат адамдары жакындарынын мүлкү жана кирешелери боюнча декларацияны мыйзамда белгиленген мөөнөттө беришкен эмес.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Нарын облусунун прокуратура органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 438-беренеси боюнча 310 административдик иш козголгон. Материалдар сот органдарына жөнөтүлдү.
Кызмат адамдары жалпысынан 930 миң сом административдик жоопкерчиликке тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом