«Кумтөрдүн» кеңсесин көчүрүү боюнча Теңгиз Бөлтүрүккө эскертүү берилди

«Кумтөрдүн» кеңсесин көчүрүү боюнча Теңгиз Бөлтүрүккө эскертүү берилди

«Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүк “Кумтөр Голд Компани” ЖАКты жылына 600 миң долларды түзгөн жаңы кеңсеге макулдашпай көчүрүү боюнча эскертүү алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымында, “Кумтөр Голд Компани” ишканасын “Учкун” имаратындагы кеңседен чыгаруу чечими министрлер кабинети менен да, президент менен да макулдашылган эмес.

“Бир ай мурун бул факты боюнча президент Жапаровдун тапшырмасы менен териштирүү башталып, Тенгиз Бөлтүрүккө макулдашылбаган чечими үчүн эскертүү берилген”, — деп жазды Эрбол Султанбаев.

Ал ошондой эле фирмалар Бишкектен жаңы имарат куруу үчүн жер тилкесин бөлүп бергенин айтты. Жыл ичинде “Кумтөр” курулушун бүтүрүп, көчүшү керек. Азырынча команда азыркы кеңсесинде калат.

Эрбол Султанбаев “Кумтөрдүн” гаражы Жогорку Кеңештин мурунку гаражына көчүрүлгөнүн жана ижара акысы эми жеке адамдарга эмес, мамлекетке түшөөрүн кошумчалады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев «Кумтөр Голд Компани»  компаниясы Бишкектин борборунан кымбат кеңсе ижарага алып, ага көп каражат төлөп жатканына нааразычылыгын билдирген болчу. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Кумтөр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>