11-класстын бүтүрүүчүлөрү коллеждерге тапшыруу үчүн ЖРТдан өтүшү керекДастан Бекешев дипломаттарды ротациялоодо окуу жылын эске алууну сунуштадыКудрет Тайчабаров үй камагына чыктыТИМ мамлекеттик протокол тууралуу мыйзамды жаңылоону сунуштоодоСадыр Жапаров Сауд Арабиянын элчисин кабыл алдыКара-Сууда жол кырсыгы болуп, үч айыл өкмөт башчысы каза болду
Бийликти басып алууга шектелген Азамат Мусакеев үй камагына чыкты
25.06.2022 | 10:48
«Эл Ынтымагы» кыймылынын мүчөсү Азамат Мусакеев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу жактоочу Бактыбек Жумашев билдирди.
Анын айтымында, мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды.
“Муну менен бардык айыпталуучулар эркиндикке чыгышты. Менин жактоочуларыма коюлган айыптар негизсиз деп эсептейм. Иш жүзүндө “Эл ынтымагы” кыймылынын бийликти басып ала турганы боюнча бир дагы далил табышкан жок”, – деди ал.
2021-жылы бийликти күч менен басып алууга шектелип, «Эл ынтымагы» кыймылынын өкүлдөрү – Бакыт Жетигенов, Бекназар Купешов, Азамат Мусакеев, Нурбек Калекеев кармалып, алар камакка алынган болчу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом