Кызыл китепке кирген кара баш чардактын массалык өлүмү Атырауда катталганын 24.kz жазып чыкты.
«17-июнда Акжайык коругунун аймагынан, Кашаган кенине жакын жерден биринчи жолу кызыл китепке кирген чардактардын миңге жакын өлүгү табылган. Бүгүнкү күндө өлгөн канаттуулардын саны беш эсеге көбөйдү», — деп айтылат маалыматта.
Канаттуулардын бул түрү гана өлөт деп көрсөтүлгөн. Башка канаттууларда оорунун белгилери байкалган эмес. Окуя болгон жерде облустук токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү аймактык инспекциясынын адистери жана орнитологдор иштеп жатат.