Кыргызстан ЕАЭБден документсиз товар ташып киргендерге жазаны катаалдантты — кеңири маалыматЫсык-Көлдө боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына билеттерди кантип, каяктан сатып алса болот?«Бийликти басып алууга ачык чакырыктарды тараткан»: УКМК Threads’тин колдонуучусун кармады«Абдан көп чоң бурулуштар»: Дастан Бекешев Кыргызстандын тышкы саясатын баалады21-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолуЖалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдө
Казакстанда кызыл китепке кирген кара баш чардактар кырылып жатат
28.06.2022 | 21:30
Кызыл китепке кирген кара баш чардактын массалык өлүмү Атырауда катталганын 24.kz жазып чыкты.
«17-июнда Акжайык коругунун аймагынан, Кашаган кенине жакын жерден биринчи жолу кызыл китепке кирген чардактардын миңге жакын өлүгү табылган. Бүгүнкү күндө өлгөн канаттуулардын саны беш эсеге көбөйдү», – деп айтылат маалыматта.
Канаттуулардын бул түрү гана өлөт деп көрсөтүлгөн. Башка канаттууларда оорунун белгилери байкалган эмес. Окуя болгон жерде облустук токой чарбасы жана жаныбарлар дүйнөсү аймактык инспекциясынын адистери жана орнитологдор иштеп жатат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар