Алматыда ымыркайларды саткан сайт табылды

Алматыда ымыркайларды саткан сайт табылды

Алматынын прокуратурасы балдарды сатуу боюнча жарнактар ​​жарыяланган сайтты аныктады. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Анын айтымында, ымыркайларынан кутулууну каалаган аялдар интернет аркылуу сатууга аракет кылышкан. Сайтта балалуу болууну каалагандардын жарнактары да көп экени аныкталган.

Прокуратура мындай аракеттерге мыйзам тарабынан тыюу салынганын баса белгилеп,  табылган же ташталган бала ички иштер органдарынын кызматкерлери, камкорчулук органдары же ал жайгаштырылган уюмдун администрациясы тарабынан каттоого алынууга тийиш. Арыз табылган же баш тартылган күндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен берилүүгө милдет экенин кошумчалады.

Мыйзамга ылайык, маалымат ресурстарын кылмыш жана административдик укук бузуулар үчүн колдонууга болбойт.

Алатау районунун прокурору сотко кайрылган. Аталган сайт мыйзамсыз деп табылып, Казакстандын аймагындагы ишмердүүлүгү токтотулган.

Иштин материалдары укук коргоо органдарына жөнөтүлгөн. Милиция Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси «Адам сатуу» боюнча кылмышты текшерет. Ымыркайларды саткандар үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тэги: ымыркай

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>