20-февралга карата аба ырайыErasmus+ программасы жана КРда билим берүүнү модернизациялоо: Европарламенттин делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгыДепутат Болот Ибрагимов Жогорку Кеңештин спикеринин орун басары болуп шайландыКытай — Кыргызстан — Өзбекстан — Тажикстан коридору боюнча биринчи жүк ташуучу поезд жолго чыктыБишкек мэри ЦУМдун жанындагы курулушту буздурууну, ал эми Old Bishkek долбоорун токтотууну тапшырдыЕЭК антимонополдук көзөмөлгө жасалма интеллектти киргизүүнү пландаштырууда
Алтын куймаларынын баасы 2020-жылдагы деңгээлге чейин төмөндөдү
07.07.2022 | 23:54
Улуттук банк бүгүн, 7-июлда чыгарган алтындын унцийсин кайра сатып алуунун баасы 145 миң 150 сомду түздү. Мындай деңгээлдеги баа акыркы жолу 2020-жылдын июнь айында белгиленген.
Баа жума күндөн бери 2.88% га төмөндөдү.
Муну менен бирге алтындын калкка сатуу баасы 13-июндан бери өзгөрүүсүз калып, унциясы үчүн 182 миң 602 сомду түздү.
Дүйнөлүк базарда алтындын баасынын төмөндөшү байкалууда. Кечээ Лондондун баалуу металлдар рыногунда баа бир унция үчүн 1754,3 долларга (КР Улуттук банкынын курсу боюнча 139 миң 443 сом) чейин төмөндөдү.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика