Эльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдөКыргызстанда ичүүчү суу жана канализация боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыктыАта-энесинин камкордугусуз калган эки наристе Екатеринбургдан Кыргызстанга кайтарылдыМАГАТЭ: Иранда ядролук бомба жасалгандыгы тууралуу далилдер жок, бирок уранды байытуунун деңгээли кооптонууну жаратуудаЕАЭБ соту Кыргызстандын суроо-талабы боюнча мигранттардын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу эрежелерин түшүндүрдү
Өспүрүм кызды зордуктады деген эки адамды бошоткон сот иштен кетти
08.07.2022 | 16:06
16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып жаткан эки жаранды камактан бошоткон Свердлов райондук соту Жаналы Батырбеков кызматтан кетти. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 8-июлда Соттор кеңешине ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз келип түшкөн.
“Жаналы Батырбековдун кызматтан кетишине анын мындай чечими менен сот системасына көлөкө түшүргөнү себеп болду”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 8-июлда 16 жаштагы кызды зордуктоого шектелген эки айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, аларды камактан бошоткону маалымдалган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом