100 миң сом салынган капчыкты уурдаган эки жигиттен курал табылды

100 миң сом салынган капчыкты уурдаган эки жигиттен курал табылды

Бишкекте капчык уурдаган адамдарды кармоодо алардан ок атуучу курал табылып алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 18-июнуна караган түнү саат 01:00 чамасында белгисиз адамдар Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө токтоп турган «БМВ» үлгүсүндөгү унааны мыйзамсыз ачып кирип, ичинен «iPhone» үлгүсүндөгү уюлдук телефон жана 100 миң сом акча салынган капчыкты жашыруун уурдап кетишкен.

Бул факт Биринчи май РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Жазык иши боюнча жооптуу адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларына ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери кошулган. Анткени бул мыйзамсыз жосундарга автоунаалардан уурдоого адистешкен уюшкан кылмыштуу топтордун катыштыгы болушу мүмкүн экендиги жөнүндө маалымат болгон. Бул кылмыштын бетин ачууга багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү адамдар аныкталган.

Тактап айтканда, бир күн мурда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан эки жаран кармалган. Алардын бири 1999-жылы туулган А.К., уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда каттоодо турат,  экинчиси — 1996-жылы туулган Ч.М.. Кармоо жана жеке текшерүү учурунда А.К. аттуу жарандын жанынан белгилери өчүрүлгөн, 4 даана огу менен 9 мм. ПМ үлгүсүндөгү ок атуучу куралы табылып алынган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси менен (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тийиштүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: кылмыш

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>