Кыргызстан Дүйнөлүк банкты ак илбирсти коргоого жана 2027-жылкы тоо саммитине даярдык көрүүгө чакырдыБаткенде эркек киши аялын бычактап, андан кийин өзү асынып каза болдуКыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалыматТоктогул суу сактагычынан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылдыБишкекте хоккей боюнча Азия Кубогу башталатКыргызстандын жеке энергетикалык компаниялары Энергетика министрлигинин үстүнөн президентке арыз менен кайрылышты
Бишкек: Жыл башынан бери 1340 жол кырсыгы катталды
14.07.2022 | 11:58
Жыл башынан бери Бишкек шаарында 1340 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу басма сөз жыйынында борбор калаанын Патрулдук милициянын жетекчиси Алмаз Исаков билдирди.
«Кырсыктан 1726 жаран ар кандай жаракаттарды алышкан. Тилекке каршы, 21 жаран каза болду», – деди ал.
Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 38 пайызга жогору экени белгиленген. Метрополитен жолдорунда эң көп жол кырсыгы жөө жүргүнчү менен кагылышуу болуп саналат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом