Ошто тургундарды ири суммага алдап кеткен жаран 5 жылдан соң кармалды

Ошто тургундарды ири суммага алдап кеткен жаран 5 жылдан соң кармалды

Ош шаарында жарандардын ишеничине кирип, көп суммага алдап кеткен жаран 5 жылдан кийин Ош шаардык ички иштер башкармалагынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 6-февраль күнү С. Ж аттуу жаран Б. М аттуу жарандын ишеничине кирип,  Ош шаарында өз ара келишим түзүшүп, жалпы суммасы 1 млн 628 миң 930 сомду түзгөн 38 миң  730 литр дизелдик күйүүчу  майын насыяга алып, акчасын 4 күндүн  ичинде кайтарып берем деп алдап качып кеткен. Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде иш козголгон.

2019-жылдын 8-апрель күнү дагы бир Ш. А  аттуу жарандын ишеничине алдоо жолу менен кирип, Ош  шаарынын Туран кичи шаарчасынан «Мерседец-Бенц» үлгүсүндөгү автоунасын 5 миң  АКШ долларына баалашып, насыяга алып, алдап качып кеткен. Бул факт боюнча да Жаза кодексинин 204-беренеси боюнча иш козголгон.

Бул факт боюнча, С. Ж  тергөө  кызматына келбегендиктен анын үстүнөн 2020-жылдын 1-октябрь күнү  издөө иши ачылган. Эки жылдан кийин С. Ж  тергөөгө  камсыз кылынып, айыбы угузулуп, кылмыш иши сотко чыгарылган. Бирок, ал соттун отурумуна келбей, кайра Ош шаардык  соту Н.Эсенбаев тарабынан камакка алынсын деген  токтом чыгарылып, 2022-жылдын 25-июнь күнү кайра издөө иши ачылган.

2022-жылдын 12-июль күнү издөө-иштеринин натыйжасында С.Ж  Баткен облусунун  Лейлек районунан Ош шаардык ички иштери башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү   тарабынан кармалып, ОШ ШИИБнун убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>