Бишкекте дагы 4 акча алмаштыруучу жайдын иши токтотулду

15.07.2022 | 22:57

Бишкекте дагы төрт акча алмаштыруучу жайдын иши токтотулду. Мындай чечимди Улуттук банк кабыл алды.

Аталган банк түшүндүргөндөй, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн 2022-жылдын 15-июлунан 29-июлуна чейин лицензиянын колдонулушу токтотулат:

«Арена KG» ЖЧКсынын акча алмаштыруучу жай – Бөкөнбаев көчөсү, 95, 1-кабинет;

“Brent money” ЖЧКсынын, Абдрахманова көч., 119, 11-кабинет;

ОсОО “Усман Финанс” акча алмаштыруучу жайы – Абдрахманов көч., 144.

2022-жылдын 15-июлунан 21-июлуна чейин:

ЖЧК “Капитал Прогресс” акча алмаштыруучу жайы – Абдрахманов көч., 150/20.

Буга чейин Улуттук банк борбор калаадагы дагы үч акча алмаштыруу жайынын лицензиясын убактылуу токтоткон.

Scroll to Top