Бүлдүркөн терип жүргөн. Токтогулда 10 жашар баланын сөөгү табылды  

25.07.2022 | 00:34

Токтогул районунда 10 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Токтогул районунун Бишкек – Ош унаа жолунун Итагар тилкесинде Чычкан суусунан 1 чакырым жогору жайгашкан Данги суусунун боюнда апасы менен бүлдүркөн терип жүргөн 10 жаштагы бала сууга агып кеткен.  А.Б. аттуу бала Камбар -Ата кичи шаарчасынын тургуну.

Издөө куткаруу иштерин жүргүзүүгө №97 ӨККБдан 7 куткаруучу тартылып, саат 18:40та баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

 

Scroll to Top