Kyrgyzstan Expo жана Expo Eurasia көргөзмөлөрү 15–17-октябрда «Жаштык Аренада» өтөтКараколдо «Открыткаларга түшпөгөн Кыргызстан» аттуу фотовыставка өтөтКыргызстанда башка айып пулдары бар болсо да эвакуацияланган унааларды кайтарып берүү сунушталуудаБишкекте «БишХолдер» эл аралык стол үстүндөгү ролдук оюндар фестивалы өтөтУлуттук банк чет өлкөлөрдөгү банктардын уставдык капиталына жаңы талаптарды сунуштады — долбоорШакира Бишкекке концертинен бир күн мурун, 17-октябрда учуп келет
Бүлдүркөн терип жүргөн. Токтогулда 10 жашар баланын сөөгү табылды
25.07.2022 | 00:34
Токтогул районунда 10 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Токтогул районунун Бишкек – Ош унаа жолунун Итагар тилкесинде Чычкан суусунан 1 чакырым жогору жайгашкан Данги суусунун боюнда апасы менен бүлдүркөн терип жүргөн 10 жаштагы бала сууга агып кеткен. А.Б. аттуу бала Камбар -Ата кичи шаарчасынын тургуну.
Издөө куткаруу иштерин жүргүзүүгө №97 ӨККБдан 7 куткаруучу тартылып, саат 18:40та баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом