Бекешев көп кабаттуу үйлөрдү санарип башкарууну жана ТСЖнын чыгымдарын толук көзөмөлдөөнү сунуштоодоЖКда жаңы үйлөнүүчүлөрдү никеге чейин медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат — кенен маалыматМай майрамдарында Кыргызстандын ооруканалары кандай тартипте иштейт? Саламаттык сактоо министрлиги маалымат бердиКытай экспорттук жеңилдиктерди кыскартууда: кыргызстандык импорттоочулар даяр болушу керекBITF 2026: Бишкекте биринчи жолу эл аралык туристтик көргөзмө өтөтБишкекте курттардын капташы: Ак-Босогодогу теректер эмне болууда?
Пенсия төлөөгө жарым жылда 27,3 млрд сом сарпталды
26.07.2022 | 11:52
Кыргызстанда пенсия алган жарандардын саны 728 миң 164кө жетет. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда маалымат жыйында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.
Анын айтымында, быйыл жарым жылда пенсия төлөөгө 27 млрд 326,8 млн сом сарпталган. Былтыркы жылга караганда пенсияны төлөөгө 2 млрд 395,1 млн сом көп жумшалган.
Пенсия алгандардын 207 миң 920сы акчасын “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын филиалдары жана 520 миң 244 киши коммерциялык банктар аркылуу алышат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом