Бишкек абанын булганышы боюнча 35-орунду ээледиОрусияда жол кырсыгынан 3 кыргызстандык каза тапты. Алардын бири 2 жашта болгонКыргызстан 5 гигаваттык күн жана шамал станцияларын курууну макулдаштыБайсалов: Окуу жайларда мамлекеттик тилге басым жасалат, бирок улуттук азчылыктарга эне тилин окутуу сакталат2026-жылы Кыргызстанда инвесторлор үчүн электрондук «бирдиктүү терезе» ишке киргизилетЖогорку соттун судьялыгына талапкер болуу үчүн 10 жылдык стаж талап кылуу сунушталууда
Сом бардык валюталарга карата арзандады
28.07.2022 | 17:04
Кыргызстандын Улуттук банкы 29-июлга карата валюталардын сомго карата курсун жарыялады.
Жаңыланган курс боюнча сом өнөктөш өлкөлөрдүн бардык валюталарына карата арзандады. Евро 1,56%га кымбаттап, 84,8233 сомду, доллар 0,85%га жогорулап, 83,07 сомду түздү.
Белгилей кетсек, америкалык валютанын расмий курсу май айынын ортосунан бери биринчи жолу 83 сомдон жогору көтөрүлгөн.
Кошумчалай кетсек, рубль менен теңге да сомго карата 0,11%га жогорулап, 1,3737 сомду жана 1,05%га, 0,1735 сомду түздү.

Рубрики: Жаңылыктар, Экономика