Кореялык Samsung C&T компаниясы Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыкдарБизнес ашыкча отчеттуулуктан бошотулат. Статистика системасы өзгөрөтБШКга Улан Сариевге депутаттык мандатты тапшырдыКыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартат
Токмоктогу айланма жолдо кичи автобус кырсыкка учурады
28.07.2022 | 17:32
Токмоктун жанындагы айланма жолдо Нарын-Бишкек каттамы менен бара жаткан “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү кичи автобус кырсыкка учурады. Бул Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Унаанын арткы оң дөңгөлөгү жарылып, тайгаланып, сол капталына оодарылып кеткен. Ичинде айдоочу жана 11 жүргүнчү болгон», – деп билдирди Чүй облустук милициясынан.
Алдын ала маалыматтарга караганда, эки жүргүнчү медициналык жардамга муктаж болуп, алар Токмок ооруканасына жеткирилген.
Окуя боюнча иликтөө иштери башталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом