Инсталляциялар, куймактар, концерттер жана мастер-класстар. «Евразия» паркында Масленица кандай белгиленди?Салык кызматы маркетплейстерде соода жүргүзүү үчүн электрондук эсеп-фактуралардын атайын форматын киргиздиБишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантат
Бишкекте көмүр канчадан сатылып баштады? Даректери
07.08.2022 | 14:35
Бишкекте Кара-Кеченин көмүрү 4 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” ишканасынан билдиришти.
Бүгүн, 7-августта Алыкулов 6 дарегине 100 тоннадан ашык көмүр түшүрүлүп, баасы 4 миң сом деп белгиленген.
Ошондой эле Бишкектин беш жеринде көмүр кампа ачылган. Алар: Мурманск көчөсү 6, Кыргыз Темирдин аймагы, Алма-Ата/Айланма жол, Кара-Жыгач, Ак-Босо конуштарындагы кампалар.
Аталган жерлерден Кара-Кеченин кесек көмүрүн сатып алууга болот.
“Кыргызкөмүр” ишканасы кышка карата көмүрдү азыртан баштап сатып алууга чакырат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом