Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Ысык-Көлдө кайрадан сел жүрдү – видео
08.08.2022 | 16:40
Ысык-Көл облусунда 20 гектар буудай, беде аянттарын сел суулары каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 8-августта Ысык-Көл районунда саат 8:40 чамасында жаап өткөн жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Сары-Камыш айылынын чыгыш тарабында 20 гектар буудай жана беде айдоо аянтын каптаган.
Мындан сырткары Балыкчы –Ананьево –Каракол унаа жолунун 8-чакырымын каптап, жол каттамы жабылган эмес.
Ошондой эле Сары-Камыш айылынын түндүк чыгыш тарабында жайгашкан бетон шакекче менен курулган 2 көпүрөнү ар жеринен жеп жана асма лотокторду кулатып кеткен.
Жерине тактоо иш-чараларын жүргүзүүгө Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылды.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом