Саясат таануучу Денис Борисов Кыргызстандын трансформациясына баа бердиЭмгек министрлигинин алдында Миграция маселелери боюнча департамент түзүлдүМинск шаарындагы сейил бакка орнотулат. Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасоого сынак жарыяландыКыргызстанда жасалма интеллект жараткан контентке белги коюуну (маркалоону) милдеттендирүү каралуудаБишкекте орус үйүнүн күнүнө 2000ден ашык бишкектик катыштыКыргызстандын экономикасы банк тутумунан тез өнүгүүдө: эксперттин пикири
Кой-Таш окуясы: Кийинки соттук отурум 10-августта өтөт
08.08.2022 | 16:29
Бүгүн, 8-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотто Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурум болуп өттү.
Кийинки соттук процесс 10-августка саат 10:00гө белгиленди. Ошондой эле кийинки отурумдар 12, 15, 17 жана 19-августта саат 10:00дө өтөт.
Кой-Таш окуясына быйыл үч жыл толду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 адамга айыбы угузулган. Учурда бул ишти Биринчи май райондук соту карап жатат.
Бүгүн, 8-августта Биринчи май райондук сотунун имараты алдында Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары акция уюштурушту.
Кой-Ташта 7-8-август күндөрү күч кызматкерлеринин Атамбаевди кармоо операциясында бир адам каза болуп, жалпысынан 225 адам жабыркаган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом