Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Чолпон-Ата шаарынын мэри алмашты
09.08.2022 | 10:41
Ормонов Жапарбек Туратович Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов кол койду.
Акимдин башка буйругу менен Бердибек Иманбеков Чолпон-Ата шаарынын мэри кызматынан бошотулду.
Жапарбек Ормонов 1973-жылы 23-апрелде Ош облусунун Кара-Суу районундагы Лангар айылында туулган. Жогорку билимдүү.
1997-жылы Ош технологиялык университетин “жүк ташууну уюштуруу жана транспортту башкаруу” адистиги боюнча билим алган. Экономика илимдеринин кандидаты.
Ал буга чейин 2014-2015-жылдары Ош шаарынын вице-мэри, 2016-жылы Ош шаардык кеңештин төрагасы кызматын аркалаган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат