Ысык-Көлдүн үстүндө учкан жасалма мотодельтапландын ээси аныкталды — видео

Ысык-Көлдүн үстүндө учкан жасалма мотодельтапландын ээси аныкталды — видео

Ысык-Көлдө эс алуучуларды жасалма мотодельтаплан менен тейлеген жарандар аныкталды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, август айынын башында социалдык тармактарда видеотасма таркатылып, анда Бостери айылындагы «Тулпар» эс алуу жайынын көл жээгинде белгисиз адамдар жасалма мотодельтаплан менен жарандарды көлдүн үстүнөн учуруп жатышкандарын жана эс алуучулардын коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткандыгын билдиришкен.

Аталган маалымат Ысык-Көл РИИБдин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, териштирүү иштери Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнө тапшырылган.

Териштирүү учурунда, аталган жасалма мотодельтаплан Бостери айылынын 42 жаштагы тургуну А.У.га таандык экени аныкталган. Өзүнүн көрсөтмөсүндө, ал 2022-жылдын июль айынын аягында өзүнө тааныш И.Ч. аттуу жаран менен Бишкек шаарынан Бостери айылында жайгашкан “Тулпар” жана “Толкун” эс алуу жайынын ортосундагы ачык көл жээгине алып келишип, кардарларды көлдүн үстүнөн акча төлөм менен учуруп жүрүшкөнүн айтып берген.

Бирок, териштирүү учурунда аларда мотодельтапланды учурууга жана кардарларды ташууга уруксат кагаздары жок экендиги, милиция кызматкерлери тарабынан аныкталгандыктан, учуу аппараты териштирүү мезгилине убактылуу токтотулган.

Учурда Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан укук бузуулар жөнүндө кодексинин 150-беренесине (Аба мейкиндигин пайдалануу эрежелерин бузуу) ылайык чара көрүү үчүн тийиштүү иш кагаздары Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине жиберилди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>