Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Саудиялык дипломат сүйлөп жатып каза болду – видео
10.08.2022 | 14:43
Белгилүү саудияык дипломат жана ишкер Мухаммед аль-Кахтани Каирдеги (Египет) иш-чарада сөз сүйлөп жаткан учурда каза болду. Бул тууралуу Pledge Times жазды.
Окуя дипломат Каирдеги араб-африкалык конференциясында сөз сүйлөп жаткан учурда болгон. Ага эл аралык, аймактык жана араб уюмдары, элчилер катышып жаткан.
Мухаммед аль-Кахтани сүйлөп жатып эсин жоготуп, жерге кулаган. Ал ооруканага жеткирилип, аны куткарууга аракети көрүлгөнү менен дипломат каза болуп калган.
Дипломаттын өлүмүнө байланыштуу иш-чара токтотулган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар