Азия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыБалык чарбасы үчүн тоюттарга 2028-жылга чейин кошумча нарк салыгы алынбайт
Ырыс Жекшеналиев: Садыр Жапаров жаткан камерада жатам – видео
16.08.2022 | 18:57
Фейсбуктагы “Полит узник” баракчасынын админстратору Ырыс Жекшеналиев президент Садыр Жапаров жаткан камерада жатат. Бул туурасында өзү Биринчи май райондук соттун имаратынан баш коргоо чарасын кароо алдында журналисттерге айтып берди.
Ал сурак маалында алты саат ачка калганын белгилеп, суу да бербей койгонун журналисттерге даттанды. Ошондой эле абак жайдын абалына ыраазы экенин айтып, президент Садыр Жапаров мурда жатып кеткен камерада жатканын кошумчалады.
Жекшеналиевге УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча эски видеокайрылуусун жарыялаганы үчүн «массалык башаламандыктарга чакырыктар» беренеси боюнча иш козголгон. Жаш активист ага коюлган күнөөнү моюнуна албай турганын жана ал саясий себеп менен ачылганын айтууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат