11-класстын бүтүрүүчүлөрү коллеждерге тапшыруу үчүн ЖРТдан өтүшү керекДастан Бекешев дипломаттарды ротациялоодо окуу жылын эске алууну сунуштадыКудрет Тайчабаров үй камагына чыктыТИМ мамлекеттик протокол тууралуу мыйзамды жаңылоону сунуштоодоСадыр Жапаров Сауд Арабиянын элчисин кабыл алдыКара-Сууда жол кырсыгы болуп, үч айыл өкмөт башчысы каза болду
Бишкекте “акылдуу” жол чырактарды сынаганы калды
24.08.2022 | 20:54
Бишкек шаарынын Транспорт, курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэр Бактыбек Абдиев «KYOSAN» жапон компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Тараптар “Жол кыймылын башкаруунун интеллектуалдык системасы” долбоорунун ишке ашырылышын талкуулашты. Компаниянын өкүлдөрү жол тыгынын азайтуу үчүн акылдуу светофорлордун системасын тааныштырышты.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча шаардык кызматтар менен биргеликте борбор калаанын жол тыгыны көп кездешкен кесилиштерине жол чырактарды коюу пландаштырышты. Изилдөө үчүн төмөнкү кесилиштер тандалды:
– Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилиши;
– 7-апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилиши;
– 7-апрель көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилиши.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар