Бишкекте тигүү цехтери текшерилип, айыптар салынды

Бишкекте тигүү цехтери текшерилип, айыптар салынды

Акыркы убакта таштанды жайларына тигүү калдыктарын мыйзамсыз таштоо фактылары көп болуп, бул негизинен тымызын, көбүнчө түн ичинде катталган учурлар. Бул туурасында Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай таштандылар көбүнчө техниканын бузулушуна жана жүктөгүчтөрдүн ишинин көбөйүшүнө алып келет.

Ушуга байланыштуу аталган тартип бузуучуларга каршы масштабдуу күрөш башталды. Бир күн мурун акимчилик, көрктөндүрүү көзөмөлү боюнча шаардык инспекциясы, Салык кызматы, МАБ жана «Тазалык» МИси менен биргеликте тигүү ишканаларында таштанды чыгаруу боюнча келишимд текшерилген.

Ондон ашык жайлар текшерилди.  Кайназаров көчөсү 82 жана Д.Сяопин проспектиси 327 дарегинде жайгашкан соода түйүнүнө карата муниципалдык инспекция тарабынан 2 протокол түзүлүп,  юридикалык жактар үчүн 13 000 сом, жеке жактар үчүн 3 000 сом айып салынды.

Ушундай эле рейддик иш-чаралар «Тазалык» МИси тигүү цехтери менен таштандыларды чыгаруу боюнча келишим түзүлгөнгө чейин улантылат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн таштанды чыгаруу кызматына таштандынын тарифи 1 куб метри үчүн 225 сом, же КНС менен 252 сомду түзөт. Борборду көрктөндүрүү эрежелерине ылайык, шаардын аймагында иш алып барган жеке жана юридикалык жактар, башка чарба жүргүзүүчү субъекттер, анын ичинде жеке турак жайлардын, көп батирлүү турак жайлардагы турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери «Тазалык» МИси менен катуу таштандыларды чыгаруу боюнча келишим түзүүгө милдеттүү. Тургундар жеке жана көп кабаттуу үйлөрдө жашагандыктан, ишкана коомдук келишим түзөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>