Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 20 миллион долларлык валюталык облигацияларды чыгарарын жарыяладыReporter.kg VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү макамын алдыСадыр Жапаров менен Тажикстандын премьер-министри эки өлкөнүн кызматташуу маселелерин караштыНарын облусунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 2,5 эсеге өстүБишкекте «Ай, да Масленица!» аталышындагы майрамдык сейилдөө өтөтПрезиденттин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү алмашты
Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого 2 млн сом жумшайт
29.08.2022 | 10:46
Бишкекте Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого 2 миллион сом сарпталат. Бул тууралуу Reporter.kg′ге мэриянын алдындагы Маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Эгемендүүлүк майрамынын биринчи бөлүгү Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Мамлекеттин биринчи адамдарынын катышуусу менен чоң театралдаштырылган программа пландаштырылган. Кечинде башкармалык борбордогу Ала-Тоо аянтында концерт уюштурат.
Бул күнкү концертте ата мекендик өнөрпоздор өнөрлөрүн тартуулашат. Ошондой эле, акча үн аппаратурасын, декорацияларды, реквизиттерди, транспортту ижарага алууга, чыгармачыл өндүрүштүк топту жалдоого, 20 биодаараткана орнотууга жумшалат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика