Бишкек—Нарын—Торугарт жолундагы кырсыкта 5 киши каза тапты – видео

04.09.2022 | 13:13

Кечээ, 3-сентябрда Бишкек—Нарын—Торугарт жолунда (ГЭС-5 районунда) үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы болуп, 5 киши каза тапты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге жеке булактары билдирди.

Маалым болгондой жол кырсыгы болжол менен саат 22:00дө болгон. “БМВ 325” унаасы чыгыштан батышты көздөй бара жатып алгач карама-каршы тилкеде келе жаткан “Мазда Демио” унаасын сүзүп, андан кийин “Мерседес-Бенц” унаасы менен кагылышкан.

Жол кырсыгынын айынан “БМВ 325” унаасынын 36 жаштагы К.С.З. аттуу айдоосу жана унаанын ичиндеги 20 жаштагы К.З.Т., 5 жаштагы Ж.А.Э., 71 жаштагы К.Х.М. аттуу жүргүнчүлөрү каза болгон. Ошондой эле кырсыктын кесепетинен “Мазда Демио” унаасынын 28 жаштагы А.А.А. аттуу айдоочусу каза тапкан.

Жол кырсыгынан жабыркаган 16 жаштагы Ш.С.Ш, 3 жаштагы Ж.А.Э. жана М.Б.К. (туулган жылы такталууда) Ысык-Ата районунун аймактык ооруканасына жаткырылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top