Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Эртең Кыргызстанда күн 37 градуска чейин ысыйт
04.09.2022 | 15:13
Эртең, 5-сентябрда түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.
Күндүз Нарындын Кара-Кужур өрөөнүндө, Ысык-Көлдүн Чоң-Ашуу ашуусунда, Кумтөр капчыгайында, Чүйдүн Ала-Арча капчыгайында, Суусамырда, Ош облусунун Алай өрөөнүндө жана Жалал-Абаддын Чычкан капчыгайында, Чаткал өрөөнүндө өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36,
Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +29…+34,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +32…+37,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +24…+29,
Нарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +25…+30,
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18, күндүз +33…+36 градус жылуу болот.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом