Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылды
06.12.2019 | 21:03
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш ишке байланыштуу күнөөлү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды.
Мындай өкүмдү Свердлов райондук сотунун судьясы Инара Гилязетдинова чыгарды.
Ошондой эле соттун чечими менен анын мүлкүн мамлекеттин карамагына чегерилип, Кыргызстандын ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангы, II даражадагы “Манас” ордени жокко чыгарылмай бооду.
Мындан сырткары жазасын өтөп бүткөн соң мамлекеттик кызматтарда үч жыл өтмөйүн иштөөгө тыю салынды.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков Бишкек жылуулук борборун жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп айыпталып, өткөн жылдын июнь айынан бери УКМКнын тергөө абагында кармалып келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат