ВИДЕО — Райымбек Матраимов сурактан чыгып журналисттердин суроосуна жооп берди

ВИДЕО — Райымбек Матраимов сурактан чыгып журналисттердин суроосуна жооп берди

Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райым Матраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине экинчи жолу суракка келди. Бул тууралуу «Кыргызтудей» басылмасы жазды.

Матраимов сурактан чыккан соң журналисттердин суроосуна жооп берип, «Азаттыктын» иликтөөсүндө айтылган  700 миллион долларга эч кандай тиешеси жок экендигин жана Стамбулда киши колдуу болгон Айэркен Саймаити тааныбасын айткан.

Ошондой эле ал сурак бүткөнчө Кыргызстандан эч жакка кетпесин жана журналист Али Токтакунов менен экс-депутат Ширин Айтматованы сотко бергенин билдирген.

Белгилей кетсек «Азаттык» радиосу «“OCCRP” жана» Клооп» менен биргеликте бир нече иликтөө жарыялады.

Анда Кыргызстанга кирип-чыгып турган мыйзамсыз миллиондогон долларлар жана Райымбек Матраимовдун бул ишке тиешеси баяндалат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>