Кубаныч Шатемиров мурунку кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Буга чейин Шатемиров Мамлекеттик байланыш комитетинин жетекчисинин орун басарлык кызматында “Коопсуз шаар” долбоорун жетектеген.