«Фейсбукта» тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын тараткан адамдар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалым болгондой Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Фейсбукта» тыюу салынган диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын материалдарын таратуу фактысы аныкталган.
Теологиялык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жарыяланган материалдарда «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний-экстремисттик уюмдун символикалары, ошондой эле дүйнө жүзү боюнча ислам халифатын курууга багытталган чакырыктар бар экендиги такталган.
Кечээ, 7-сентябрда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун Ноокат районундагы 6 мүчөсүнүн, Кара-Суу районундагы 1 мүчөсүнүн жана Кызыл-Кыя шаарындагы 1 мүчөсүнүн жашаган жеринде соттун чечиминин негизинде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Тинтүү иштеринин жүрүшүндө флеш карталар, СD-дисктер, диний мүнөздөгү адабияттар алынды, алар боюнча жогорудагы кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда