Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Баатырова саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды
09.09.2022 | 16:10
Баатырова Гүлнара Маришовна саламаттыкты сактоо министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
“Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Баатырова Гүлнара Маришовна мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, саламаттык сактоо министри болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Жогорку Кеңештин депутаттары 7-сентябрдагы жыйынында Гүлнара Баатырованын саламаттык сактоо министр кызматына дайындалышын колдогон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом