7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Чүйдө 33 жаштагы аялын өлтүрө сабаган жаран кармалды
13.09.2022 | 11:09
Чүй облусунда аялынын өлүмүнө шектүү катары күйөөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 11-сентябрда Ысык-Ата аймактык ооруканасына катуу сабалган 33 жаштагы С.З. аттуу аял киши түшүп, кийин каза болгон. Бул тууралуу райондук милицияга кабарланган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши ачылган.
“Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында белгилүү болгондой, маркумдун 40 жаштагы К.М. аттуу күйөөсү Красная Речка айылындагы үйүндө ичимдик ичип отуруп, аялы менен уруш чыгарган. Аны катуу сабап, анын айынан аялы каза тапкан”, – деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды. Тергөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар