Бакай-Атада беш тилде билим берген окуу комплекси ачылды — сүрөт

Бакай-Атада беш тилде билим берген окуу комплекси ачылды — сүрөт

Талас облусунун Бакай-Ата районунда заманбап билим берген окуу тарбия комплекси ачылды, деп билдирет парламенттин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, райондо алгач ирет ишке бериле турган инновациялык окуу мекемесинин ачылышында сөз сүйлөгөн депутат Русланбек Жакышов билим берүү тармагына жасалган инвестиция келечекке кылынган чоң камкордук экенин белгиледи.

“Эгемен мамлекетибиздин эртеңкиси – дүйнө таанымы кең, илим менен тажрыйбаны айкалыштырган билимдүү жаштардын колунда. Андыктан азыртан билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп, келечек ээлеринин мыкты инсан болушу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүшүбүз кажет. Бүгүн ишке берилип жаткан мектептен интеллекти бийик азаматтар өсүп чыгат деген терең ишеничтемин”, – деди депутат.

Аталган мектепте кыргыз, орус, түрк, англис жана араб тилдеринде билим берилип, окуучуларга заманбап технологиялар аркылуу IT, роботехника, менталдык арифметика жана башка багыттар боюнча сабактар өтүлөт.

Андан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов тарабынан Бакай-Ата жана Талас райондорундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүр таратылды. Тагыраагы, Шадыкан, Кең-Арал, Өзгөрүш, Ак-Дөбө жана Арал (Коммунизм) айыл өкмөттөрүндөгү 500дөй үй-бүлө жардам катары көмүр алышты.

Р.Жакышовдун жеке демилгесинин негизинде 10 жылдан бери Бишкектеги 47 жаңы конушка бир катар кайрымдуулук жумуштары жасалып келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>