Депутаттар аэропорттон ПЦР текшерүүнү жоюуну талап кылышты

Депутаттар аэропорттон ПЦР текшерүүнү жоюуну талап кылышты

Бүгүн, 13-сентябрда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар “Манас” аэропортунун жетекчилигинен ПЦР анализдерин жокко чыгарууну талап кылышты.

Депутат Гүлшаркан Култаева бул “мигранттар үчүн ашыкча ысырапкорчулук” экенин белгиледи.

«Эмне үчүн биздин аэропорт талап кылып жатат? Биздин мигранттар Орусияда ПЦРдан өтүү талапкылынбайт деп айтып жатышат. Бул жөн гана акчаны ысырап кылуу. Бул маселени кандайдыр бир жол менен чечишибиз керек», — деди ал.

Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаров тесттер авиакомпания тарабынан талап кылынганын айтып, «алар ПЦР тести жок каттоодон өткөрүшпөйт”, — деди.

Депутат Нурбек Сыдыков өз кезегинде авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындай эрежени жокко чыгарууну талап кылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ПЦР тест

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>