Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Баткен менен Чоң-Алайда миналарды зыянсыздандыруу иштери башталат
20.09.2022 | 11:25
Бүгүн, 20-сентябрдан тарта Баткен облусунда жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун чек ара тилкелериндеги жарылбай калган мина, снаряд, ок-дары жана башка жарылуучу заттарды табуу жана зыянсыздандыруу иштери башталат. Бул тууралуу Ченк ара кызматынан билдиришти.
Миналардан тазалоо иштери жүргүзүлө турган жерлер курчалып, кайтарууга алынат. Буга байланыштуу Чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактардын жана шаарлардын калкын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана тиешелүү маалыматтарды чек ара тарамдарынан же жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн тактоого чакырат.
Бул иш-чаралар Кыргызстандын жана Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү менен макулдашылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом