Кыргызстанда бир жумада сасык тумоо жана КРВИ менен ооругандардын саны 6,9%га өстүТелефонун блоктон чыгарып берем деп алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыМанас районунда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү тогуз айда 396 млрд сомдон аштыОрусия, АКШ жана Украинанын сүйлөшүүлөрү 10–11-ноябрда Абу-Дабиде өтөт — УиткоффЧүйдө салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринин кызматкерлери пара алууга шектелип кармалыштыКыргызстан менен БАЭ айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Антониу Гутерриш менен жолугушат
20.09.2022 | 11:32
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (АКШ) келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат, ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.
Эскерте кетсек, 17-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Антониу Гутерриш менен телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды талкуулашкан. Анда Гутерриш 20-сентябрда Нью-Йоркто Садыр Жапаров менен жолугушууга даяр экенин билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом