Бишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатBishkek Travel Fest: этникалык кийимдер, жандуу музыка жана позитивдүү энергияСуучулар Ысык-Көлдүн түбүнөн 1,5 км тор чыгарышты Ооганстан менен Пакистандын чек арасында куралдуу кагылышуу болдуПрезидент парламенттик шайлоодо миң үгүтчү жалдоого уруксат берүү маселеси боюнча пикирин айттыКытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашат
Бишкекте жубайлардын чыры өлүм менен аяктады
26.09.2022 | 10:22
Бишкекте күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу 26-сентябрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кылмыш 25-сентябрга караган түнү 11 кичи районунда катталган. Таңкы саат беш жарымдар чамасында укук коргоо органдарына окуя тууралуу чакыруу түшкөн. Көкүрөк тушуна бычак сайылган 1981-жылы туулган Р.Р. аттуу жарандын денеси табылган.
Шаардык милициянын кайгуул-күзөт бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан кылмышка шектүү 1983-жылы туулган Б.Н. кармалган. Ал маркумдун жубайы болгон. Милиция кызматкерлеринин айтымында, жубайлардын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен каргашалуу окуя болгон. Аял милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Криминал