Баткен: Талкаланган медициналык мекемелердин тизмеси — видео

Баткен: Талкаланган медициналык мекемелердин тизмеси — видео

Тажикстандын кол салуусунан улам Баткен облусунда чек арага жакын аймактардагы медициналык мекемелер дагы жабыркаган.

— Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылындагы «Бакай» фельдшердик-акушердик пункту жабыркаган. Имараттын чатырына снаряд түшүп, ички эки бөлмөсү жараксыз абалга келтирилген, айнектери толугу менен талкаланган. Имарат капиталдык оңдоого муктаж.

-Баткен районунун Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна караштуу Капчыгай фельшердик-акушердик пункту. Имарат толугу менен өрттөлгөн жана анын ичиндеги медициналык жабдуулар, катуу жана жумшак эмеректер жараксыз болгон. Имарат кайра курууга муктаж.

— Баткен районунун Достук айылындагы ФАП толугу менен өрттөлгөн, анын ичиндеги медициналык жабдуулар ошондой эле катуу жана жумшак эмеректер жараксыз абалга келген. Имаратты кайра куруу керек.

— Баткен районунун Достук айылына караштуу тез жардам унаасы жана Чаткал элинен жардам катары берилген тез жардам унаасы жабыркаган. Унаанын алды жагынан 5 жерине (алдыңкы айнегине, айнегинин үстү жагына жана алдыңкы капотуна) ок тийген, арткы айнеги талкаланган, ичиндеги медициналык шаймандарын толугу менен талкаланып жана тонолгон. Автоунаа капиталык оңдоого муктаж.

Лейлек районунда жабыркаган медициналык мекемелер:

— Лейлек районунун Кулунду ЖДПБ караштуу №20 борбордук үй-бүлөлүк ден соолук борборунун имараты жабыркаган. Имараттын айнектери талкаланган жана ички бөлмөлөрүнүн эшиктери жараксыз болуп калган. Ал эми дубалдарына ок атылган. Имарат кайра курууга муктаж.

— Лейлек районунун Кулунду ЖДПБ караштуу Максат айылындагы ФАП жабыркаган. Анын чатырына снаряд түшүп  бөлмөлөрү жараксыз абалда. Медициналык жабдуулар жана эмеректер толугу менен жараксыз болуп калган. Капиталдык оңдоого муктаж.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>