Кыргызстан Борбор Азиянын климаттык стратегиясынын катчылыгын Бишкекте жайгаштырууну сунуштадыМинфин менен АӨБ 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында долбоорлордун ишке ашырылышын талкууладыКүн күркүрөп, жаан жаап, шамал күчөйт: 23-августка карата аба ырайыТаласта «Баластан» балдар борборунун курулушу 90% аяктадыКөчмөндөр оюндарына билет жетпей калган сатып алуучуларга акчасы кайтарылатБишкекте Көчмөндөр оюндарынын ачылыш репетициясына байланыштуу 22-августта жол кыймылы чектелет
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 85 ардагери калды
26.09.2022 | 11:00
Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 85 ардагери калды. Бул тууралуу парламенттин Социалдык саясат комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева билдирди.
Анын айтымында, учурда аларга ай сайын 7 миң сомдон кенемте берилет.
“Андан тышкары 9-майга карата аларга бир жолку төлөм берилет. 2010-жылдан бери жеңилдиктердин ордуна акчалай төлөм бериле баштаган” – деди ал.
Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик ардагерлеринин катарына согуштун катышуучулары, майыптары, ошондой эле Лениград блокадачылары жана концлагерлердин жашы жете элек туткундары кирет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом