Шайлоо. Адылбек Касымалиев республикалык штабдын биринчи отурумун өткөрдүЭмне үчүн Афганистан-Пакистан кагылышуусу чек ара чатагынан олуттууракСадыр Жапаров Реми Дюфлону кабыл алды: Кыргызстан – Европа Биримдиги менен кызматташууну чыңдоого даярОоганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдүБыйыл Кытай менен АКШнын ортосунда соода жүгүртүү 14,4%га азайганТашкентте Борбор Азиядагы ичүүчү суу менен камсыздоо кызматтарынын эл аралык конференциясы өттү
Төрага Талант Мамытов кызматтан кеткен жок – маалымат катчы
27.09.2022 | 12:58
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматтан кеткен жок. Бул тууралуу Reporter.kg’ге анын маалымат катчысы Ерлан Жаманкулов билдирди.
Ал социалдык тармактарга чыккан “Талант Мамытов убактылуу кызматтан кетти, кызматын убактылуу өткөрүп берди” деген маалыматты төгүндөп, чындыкка дал келбей турганын айтты.
Маалым болгондой, Талант Мамытов Баткен облусуна эл менен жолугушуу үчүн кеткенде өз ыйгарым укуктарын вице-спикер Жамила Исаевага убактылуу өткөрүп берген.
Эскерте кетсек, бүгүн, 27-сентябрда Ысык-Көл облусунун башчысы Алтынбек Сулайманов кызматтан кеткенин билдирген.
Эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Алтынбек Сулайманов иштен кетти
Рубрики: Жаңылыктар, Коом